Бишкекте Кызыл-Суу кыргыздарынын аткаруусунда «Манас» спектакли коюлатКыргызстан Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясы менен тыгыз кызматташатБашка бирөө сиздин атыңыздан кредит алганын кантип билсе болот? Улуттук банк түшүндүрөтКыргызстанда куткаруучулар жөнүндө көркөм тасма тартыла баштадыКурумду чокусунун санариптик картасын ыктыярчылар түзүштү — видеоАкын Аскат Жетиген эркиндикке чыкты
Чемпиондор лигасынын чейрек финалына чыккан бардык командалар аныкталды
18.03.2021 | 09:08
Футбол боюнча УЕФАнын Чемпиондор лигасынын 1/8 баскычынын оюндары 18-мартка караган түнү жыйынтыкталды.
Анда “Бавария” 2:1 эсебинде “Лациону” жеңсе (биринчи оюн 2:0), “Челси” мадридтик “Атлетикону 2:0 эсебинде жеңди. Эки команданын алгачкы оюнунда да лондондук клуб 1:0 менен утуп алган.
Муну менен чейрек финалда “Пари Сен-Жермен”, “Ливерпуль”, “Боруссия Дортмунд”, “Порту”, “Манчестер Сити”, “Реал”, “Бавария” жана “Челси” командалары ойнойт.
Чүчү кулак 19-мартта ташталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт