24 жаштагы Египеттин жараны Бишкекте жаш кыздардан акча опузалап келген. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, ал Бишкекте жаш кыздар менен таанышып, андан соң чогуу эс алууга чакырып, болуп жаткан бардык процесстерди (спирт ичимдиктерин, баңги заттарды, интим ж.б.) жашыруун түрдө аудио-видеого жаздырып алып жүргөн. Аны интернетке жүктөйм деп коркутуп акча талап кылып, андан ары сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге да барган.
Шектүүгө каршы Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда аталган чет элдик жарандын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз