Чет өлкөлүк номурлуу унааларды мыйзамдаштырууга акыркы мүмкүнчүлүк берилди

04.06.2026 | 10:13
Президент Садыр Жапапров жарлыкка кол коюп жатат

Өлкө башчы Садыр Жапаров «Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Документ чет өлкөлүк каттоодогу унаалардын укуктук статусун жөнгө салуу жана аларды мыйзамсыз эксплуатациялоону токтотуу максатында кабыл алынды.

Жарлыкка ылайык, 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга ташып келинип, мамлекеттик каттоодон өтпөгөн унаалардын ээлерине 2026-жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөр берилет:

  • легалдаштыруунун кошумча (акыркы) жол-жобосунан өтүү;
  • транспорт каражаттарын өлкөдөн тышкары ташып чыгуу;
  • унааларды тетиктерге ажыратып сатуу;
  • белгиленген тартипте утилдештирүүнү ишке ашыруу.

Бул легалдаштыруу жол-жобосу бир жолку жана акыркы мүнөзгө ээ, анын мөөнөтү узартылбайт. 2026-жылдын 1-сентябрынан кийин каттоодон өтпөгөн чет өлкөлүк унааларды Кыргызстандын аймагында колдонууга тыюу салынат. Талаптарды белгиленген мөөнөттө аткарбаган ээлердин унаалары соттун чечиминин негизинде токтотуу жайларына киргизилип, кийин утилдештирилет.

Министрлер Кабинетине 30 күндүн ичинде легалдаштыруунун жана утилдештирүүнүн тартибин, ошондой эле алгачкы каттоо үчүн жыйымдардын ставкаларын иштеп чыгуу тапшырылды. Ички иштер министрлиги адистештирилген токтотуу жайларында мындай унааларды сактоонун жеңилдетилген тарифин суткасына 50 сом өлчөмүндө белгилейт.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн, 4-июндан, тарта он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Scroll to Top