ПМЭФ-2026: Кыргызстан Орусия менен кызматташтыгын бекемдеп, жаңы рынокторго чыгууда

04.06.2026 | 10:02
ПМЭФ-2026дагы Кыргызстандын павильону

Петербург эл аралык экономикалык форумунда (ПМЭФ-2026) Кыргызстандын биринчи павильону тааныштырылды. КРнын улуттук стенди өлкөнүн экспорттук, инвестициялык жана туристтик потенциалын, ошондой эле чет элдик өнөктөштөр менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт.

Экспозиция «Экспофорум» көргөзмө-конгресстик борборунун Е павильонунда, Өзбекстандын жана Сауд Арабиясынын улуттук стенддеринин жанында жайгашкан.

Эскерте кетсек, кыргыз делегациясы бул форумга биринчи жолу 2023-жылы катышкан. Быйылкы иш-чарага дүйнөнүн 130га жакын өлкөсүнүн өкүлдөрү катышууда. Форумдун башкы коногу Сауд Арабиясы болсо, бир жыл мурун БАЭ (Бириккен Араб Эмираттары) болгон.

ПМЭФ-2026дагы Кыргызстандын павильону

Кыргызстандын экспозициясын КР Экономика министрлигине караштуу «”Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору» мамлекеттик мекемеси уюштурган.

КР Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдиргендей, бүгүнкү күн өлкө үчүн маанилүү — ПМЭФ аянтчасында биринчи жолу Кыргызстандын улуттук стенди коюлду. Ал республиканын жетишкендиктерин, анын экспорттук жана инвестициялык потенциалын көрсөтүүгө, ошондой эле орусиялык жана эл аралык өнөктөштөр менен ишкердик байланыштарды бекемдөөгө мүмкүндүк берет. Кыргызстан өлкөдө ишке ашырылып жаткан бир катар ири долбоорлорду сунуштады. Алардын катарында — өлкөнүн таанымал улуттук бренддеринин бирине айланган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, ошондой эле республиканын эң ири тоо лыжа кластери болгон «Ала-Тоо Резорт» долбоору бар. Долбоордун биринчи этабы кийинки кышкы сезонго чейин ишке киргизилери пландалууда.

Улуттук павильон ошондой эле Кыргызстандын маданияты, өлкөдө бизнес жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү, инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана инвесторлорду колдоо чаралары менен таанышууга жол ачат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстан экономикалык өнүгүүнүн жогорку темптерин көрсөтүүдө. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүшү 11%дан ашты, ал эми үстүбүздөгү жылдын алгачкы айларында бул көрсөткүч 12,5%ды түздү.

ПМЭФ-2026дагы Кыргызстандын павильону

Бул республикага инвестициялык долбоорлорду, өнөр жай потенциалын жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоо менен эл аралык аянтчаларга активдүүрөөк катышууга шарт түзөт.

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1200дөн ашык кыргыз-орус биргелешкен ишканасы иштейт. Өнөр жай кооперациясы долбоорлору ийгиликтүү ишке ашырылууда. Алардын бир мисалы — КАМАЗ жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) башка ишканалары менен өндүрүштүк чынжырчаларга катышып жаткан «Автомаш-Радиатор» компаниясы. Агроөнөр жай комплексинин инфраструктурасы активдүү өнүгүүдө, заманбап муздаткыч кампалары жана тез тоңдуруучу (шоковая заморозка) ишканалар курулууда. Бул айыл чарба продукциясын жыйноого, сактоого, кайра иштетүүгө жана Орусиянын рыногуна экспорттоого мүмкүндүк берет.

Ошондой эле темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча иштер, анын ичинде темир жол курамдарын (вагондорду/поезддерди) оңдоо жана тейлөө долбоорлору улантылууда.

Маалымдалгандай, экспозициянын ишинин алкагында ишкердик жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр, өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн жана экспорттук потенциалынын бет ачарлары (презентациялары), ошондой эле эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган иш-чаралар пландаштырылган.

Scroll to Top