Таласта токой чарбасынын башчысы токой жерлеринде мыйзамсыз курулуш жүргүзгөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартылды

04.06.2026 | 10:28
задержание

Талас облусунда токой фондунда мыйзамсыз курулуш жүргүзүүгө байланыштуу туруктуу коррупциялык схеманын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Бакай-Ата токой чарбасынын жетекчиси «К.Э.М.» кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Тергөө аныктагандай, КР ӨКМге караштуу Токой кызматынын кызматкери жеке куруучуларга корголуучу жерлерде коммерциялык эс алуу объекттерин курууга көмөктөшкөн. Эс алуу базаларынын курулушу мамлекеттик токой жерлерине эч кандай уруксат берүүчү жана укук белгилөөчү документтери жок эле жүргүзүлгөн.

Учурда УКМК аймактагы жер боемочулугуна катышкан башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Күч кызматкерлери мамлекеттик токой фондуна зыян келтирүүгө тиешеси бар адамдардын бардыгы ээлеген кызматына жана макамына карабастан жоопкерчиликке тартыларын баса белгилешти.

Scroll to Top