Чилиликтер жаңы конституциянын долбооруна каршы добуш беришти

Чилиликтер жаңы конституциянын долбооруна каршы добуш беришти

Добуштарды эсептөө дээрлик аяктады. Өлкөнүн өкмөт сунуштаган негизги мыйзам долбооруна калктын 38%ы гана добуш берсе, 62%ы каршы чыкты.

Референдумга шайлоочулардын 75%дан ашыгы катышты.

«Элдин ойгонгону абдан жакшы болду. Биз биригишибиз керек, анткени бул процесс баарыбызды бөлүп-жарды. Бул кыйын болду жана алар биздин чечимдерди сыйлашкан жок«, — дейт Сантьягонун тургундарынын бири.

Жаңы конституция Пиночеттин диктатурасынын тушунда кабыл алынган негизги мыйзамды алмаштырышы керек болчу. Жаңыланган документ бойдон алдырууну мыйзамдаштырып, саясий системаны децентралдаштырууну, бардык чилиликтердин ден-соолукка кам көрүү укугун баса белгилейт, коопсуздукта жана сууга жетүүнү камсыз кылат деп болжолдонгон.

Чили өкмөтү 2019-жылдагы массалык нааразылык акцияларынан кийин жаңы конституциянын долбоорун даярдай баштаган. Бир жылдан кийин чилиликтердин 80%га жакыны документке өзгөртүү киргизүү зарылдыгын колдошкон.

Тэги: Чили

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>