Мамкызматкерлер иш сапарларга канча сом сарптаганы айтылды

Мамкызматкерлер иш сапарларга канча сом сарптаганы айтылды

Ушул жылдын январь-октябрь айларында мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык иш сапарларына 1 миллиард 175 миллион 797 миң сом жумшалган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Анын ичинен өлкө ичиндеги иш сапарларга 611 миллион 836 миң сом, ал эми чет өлкөгө 563 миллион 961 миң сомду чыгымдалган.

Ички кызматтык иш сапарлар боюнча чыгашалардын басымдуу бөлүгүн мейманканага кеткен. Ал чыгашалардын жалпы суммасынын 36,6% (223 млн 703,2 миң сом), экинчи орунда суткалык төлөмдөр 205 млн 917,7 миң сом (33,66%) жана, акырында, транспорт үчүн 182 млн 215 миң сом жумшалган.

Чет өлкөлөрдөгү иш сапарлар менен абал бир аз башкача. Анда чыгымдардын басымдуу 47,13% (265 млн 793,8 миң сом) транспорттук кызмат көрсөтүүлөр түзгөн. Андан кийин мейманканаларда калуу 35,16% (198 млн 279,3 миң сом) жана суткалык төлөмдөр 17,7% (99 млн 888 миң сом) түзгөн.

Кошумчалай кетсек, иш сапарларга кеткен чыгымдардын 82,4%ы республикалык бюджеттин акчасы, калганы жергиликтүү бюджеттердин каражаты болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>