Видео: Бала бакчанын директору милиционерге 120 миң сом пара берем деп кармалды

Видео: Бала бакчанын директору милиционерге 120 миң сом пара берем деп кармалды

Чүй облусундагы «Достук» бала бакчасынын директору милиция кызматкерине 120 миң пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Аламүдүн районунун Ленин айылдык аймагындагы «Достук», «Бөбөкжай» мамлекеттик бала бакчаларында мыйзам бузуулар, тактап айтканда, ата-энелерден мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталган.

Андан соң «Достук» бала бакчасынын директору А.О. маселени оң жагына чечүү, текшерүүнү токотуу үчүн милиция кызматкерине пара сунуштаган. 29-ноябрда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын имаратында аталган бала бакчанын директору милиция кызматкерине 120 миң сом пара берип жатканда кармалган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иш ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан тергелүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>