Чолпон-Атада Араб координациялык тобунун жыйыны өтүп жатат

Чолпон-Атада Араб координациялык тобунун жыйыны өтүп жатат

Бүгүн, 3-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Араб координациялык тобунун Төртүнчү тегерек столу өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тегерек үстөл жыйыны Араб координациялык тобунун өкүлдөрү менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө, жалпысынан экономика тармактарын өркүндөтүүгө арналган.

Кыргызстан Aраб координациялык тобунун  фонддорунун өлкөдөгү ишин жогору баалайт жана мындан ары дагы жемиштүү кызматташууга үмүт артат, жүктөлгөн бардык милдеттерди жана долбоорлорду сапаттуу жана жакынкы убакта аткаруу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.

Азыркы кезде Төртүнчү тегерек столдун алкагында 13 долбоорго каржылык колдоо тартуу иштери жүрүп жатат. Эгерде сунушталган инфраструктуралык долбоорлор колдоого алынса, тартылган каражаттар төмөнкү тармактарга багытталат:

— ипотекалык насыялоо;

— транспорт;

— саламаттыкты сактоо;

— ирригация;

— билим берүү;

— байланыш тармагы.

«Кыргызстан менен Министрлер кабинети Төртүнчү тегерек столдун жыйынтыгына чоң маани берет жана биздин кесиптештерибиздин жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү өнөктөштөрдүн колдоосуна чоң үмүт артат. Биз мындан ары да кызматташуунун мындай динамикасын сактап, ушул сыяктуу иш-чараларды уюштуруу салтын улантууга терең ишенем», — деп белгиледи жыйынды ачып жатып, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев.

Маалымат үчүн: Aраб Координациялык тобунун мүчөлөрү — Ислам Өнүктүрүү фонду, Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт Араб экономикалык өнүктүрүү фонду (KАЭӨФ), ОПЕК Эл аралык фонду, Катар өнүктүрүү фонду (KӨФ), Абу-Даби өнүктүрүү фонду (АДӨФ) жана башкалар.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>