Алгачкы жолу Кочкордон Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурларыБишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттүМинистрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — Кубатов
Чолпон-Атада ишкерден акча опузалоого шектелип төрт жигит кармалды
07.08.2026 | 10:30
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында ишкерден акча опузалап талап кылууга шектелген топ кармалды.
Атайын кызматтын маалыматында, 6-августта 25 жаштагы А.у.А. аттуу жаран жергиликтүү ишкерден акча алып жаткан учурда, кылмыш үстүндө, кармалган. Андан аркы ыкчам издөө иштеринин натыйжасында анын дагы үч шериги: 23 жаштардагы Д.у.К., М.Ш.М. жана 24 жаштагы А.Э.К. колго түшүрүлгөн.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, кармалгандар ишкерди күч колдонуу менен коркутуп, ири суммадагы каражат талап кылышкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Уюшкан топ тарабынан жасалган опузалоо» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар


