КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Өзбекстандын өкмөт башчысы ЕКӨК жыйынына катышуу үчүн Чолпон-Атага келди
07.08.2026 | 10:25

Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов байкоочу мамлекеттин делегация башчысы катары Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕКӨК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Абдулла Ариповду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков тосуп алды.
Эске салсак, 6-7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин, ошондой эле байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом