Орусиялык стример Leva2k түз эфирде Кыргызстандагы Ленин чокусун багындырдыБишкек мэриясы даракты бетондоп салган ижарачы менен келишимди бузатКурумдыдагы альпинисттерди издөө: кара түстөгү караандар таш болуп чыктыЕККУ ЖККУ менен өз ара аракеттенүүнү калыбына келтирүүгө ниеттенүүдө — Таалатбек МасадыковМыктыбек Оролбай уулу карьерасында биринчи жолу UFC 330 турниринде мөөнөтүнөн мурда жеңилдиИран Трамптын ниетин шылдыңдады: Ормузду твит менен басып алуу мүмкүн эмес
Чолпон-Атада самбо боюнча дүйнө кубогу өтөт
10.08.2023 | 14:24
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча дүйнө кубогу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 22-23-август күндөрү “Газпром-балдарга” спорт комплексинде өтөт. Таймаштар эркектер жана кыз-келиндер арасында күжүрмөн жана спорттук самбо боюнча болот.
Дүйнө кубогуна 15ке жакын өлкөдөн 400дөй спортчунун катышуусу күтүлүүдө.
Кармаштар өтө турган салмак категориялары:
Эркектер (спорттук самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;
Кыз-келиндер (спорттук самбо): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;
Эркектер (күжүрмөн самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;
Кыз-келиндер (күжүрмөн самбо): 59, 65, 72 кг.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда биринчи жолу самбо боюнча дүйнө чемпионаты өткөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз