Чолпон-Атада жарнак такталар алынууда

20.07.2024 | 15:39

Чолпон-Ата шаарында көрнөк-жарнактарды массалык түрдө демонтаждоо иштери жүрүп жатат.

Мамкурулуштан билдиришкендей, мындай иштер республика боюнча жүргүзүлүүдө.

Ысык-Көл региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы жана Чолпон-Ата шаардык мэриясы тарабынан шаардын көркүн бузган, жөө жүргөн адамга кооптуу болгон, айдоочуга тоскоолдук жараткан борбордук жол тилкесиндеги 10 жарнак такталары демонтаждалды жана дагы демонтаждоо боюнча иштер уланууда.

[image_carousel source=”media: 212375,212376,212377,212378,212379″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top