Чоң Чүй каналына 6 жаштагы бала агып кетти

Чоң Чүй каналына 6 жаштагы бала агып кетти

Чоң Чүй каналынан 6 жаштагы бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда,  Чүй облусунун Сокулук району алдын ала маалымат боюнча Военно-Антоновка айылында Чоң Чүй Каналына (БЧК) 2017-жылы туулган Ш.С. аттуу эркек бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерин жүргүзүү максатында жерине Сокулук райондук №23 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган. Кошумча издөө иштерине Бишкек шаарынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, №86123 аскер бөлүктөн 7 куткаруучу, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 11 куткаруучу жана Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 4 куткаруучу ошондой эле Сокулук райондук ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>