Чоң-Кеминде ак илбирсти коргоого арналган экологиялык фестиваль өтөт

07.07.2026 | 12:02
Чоң-Кеминде ак илбирсти коргоого арналган экологиялык фестиваль өтөт — Новости Кыргызстана

11-июлда Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Шабдан айылында «Ак Илбирс ЭкоФест Чоң-Кемин – 2026» экологиялык фестивалы өтөт. Быйылкы иш-чаранын темасы — «Ак илбирс: экологиялык билим берүү — Кыргызстандын туруктуу келечегинин негизи».

Уюштуруучулардын айтымында, фестивалдын негизги максаты — экологиялык аң-сезимди жогорулатуу, экологиялык билим берүүнү жана туруктуу туризмди өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын символдорунун бири болгон ак илбирсти сактоого коомчулуктун көңүлүн буруу.

Фестивалда жаштарга өзгөчө көңүл бурулат. Конокторду «Ак илбирс. Жаштар — жаратылыш сакчылары» жана BARS FASHION 2026 сынактарынын жеңүүчүлөрүнүн көрсөтүүлөрү, ошондой эле сыйлык тапшыруу аземи күтөт.

Иш-чаранын алкагында экологиялык продукциялардын көргөзмөсү, ак илбирске арналган арт-аймак, сүрөт жана фотокөргөзмөлөр, балдардын сүрөт сынагы, экология жана этно багытындагы мастер-класстар, жаа атуу, күрөш боюнча мелдештер, «Ак илбирстин секириги» сынагы, каскадерлордун шоусу, тайган-шоу жана башка кызыктуу иш-чаралар уюштурулат.

Фестиваль 11-июлда саат 09:30да Шабдан айылынын ипподромунда башталат. Кирүү бардык каалоочулар үчүн акысыз.

Scroll to Top