Ош шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттүКыргызстанга америкалык «Boeing» учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралуудаАКШ Борбор Азияга ким менен кызматташуу керектигин таңуулабайт — Рубио
Ысык-Көл облусундагы мөңгүдөн орусиялык аял эвакуацияланды
07.07.2026 | 11:45

ӨКМдин куткаруучулары Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы мөңгүдө жаракат алган Орусиянын жаранын эвакуациялашты, деп билдирет мекеменин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 6-июлда куткаруу кызматына Чоң-Жаргылчак капчыгайынын төрүндө 4 100 метр бийиктикте Орусиянын 33 жаштагы жараны бутунан жаракат алып, өз алдынча ылдый түшө албай калганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге барган ӨКМ кызматкерлери жабырлануучуга биринчи жардам көрсөтүшүп, андан соң аны мөңгүдөн эвакуациялап, Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткиришкен.
Куткаруу операциясына ӨКМдин Каракол шаардык бөлүмүнүн үч кызматкери тартылган.