Чет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды21-октябрдан тарта Бишкектин «Ак-Жар» конушунан № 31 автобус каттай баштайтСузакта курулушу токтоп калган мектеп, бала-бакчаларды куруу иштери кайра жанданды
Чөнтөк телефондор эми каттоодон өтүп калышы мүмкүн
29.09.2021 | 17:06
Бул боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлиги мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке алып келди. Учурда талкуулап жатышат.
Ага ылайык, ар бир телефон атайын идентификациядан өтөт. Бул экстремизм, терроризм менен күрөштө да жардамын тийгизет. Уурдалган телефондорду дал ушул персоналдык номерлери менен таап алса болот. Сырттан телефон ташыган компаниялардын укуктары да корголот. Анткени, контрабандалык жол менен ташыгандар ооздукталат.
Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынып, Президент кол коё турган болсо, кийин каттоодон өткөрүүдөн акча алышат. Азырынча бул маселе чечиле элек.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика