Чүй: 17 үйдүн, 2 сарайдын чатырын шамал учуруп, бактар кулады (фото)

Чүй: 17 үйдүн, 2 сарайдын чатырын шамал учуруп, бактар кулады (фото)

Аламүдүн районунда саат 16:45 чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Ала-Арча айыл өкмөтүнө караштуу Мраморный айылында жайгашкан үйлөрдүн жана сарайдын чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, айылда бак-дарактар кулап жана электр мамычалары жабыркап ошол учурда электр энергиясы үзгүлтүкө учураган. Мындан улам табигый кырсык катталган дерекке Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 6 куткаруучу, айыл өкмөттүн 4 өкүлү кызматкер жана РЭТтен 3 бригада тартылган. Учурда электр энергиясын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, РЭС кызматы иш алып барууда.

ӨКМдин кызматкерлеринин тактоосунун натыйжасында 17 үйдүн жана 2 сарайдын чатырын учуруп, жараксыз абалга келген. Бактар кулап электр зымдары үзүлгөн, электр мамычалары кулаган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>