Путин менен Трамп бир сааттык телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү — толук маалымат

Орусия менен АКШнын президенттери Владимир Путин жана Дональд Трамп кечээ, 8-сентябрда телефон аркылуу сүйлөштү. Анын негизги темасы Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу болду. Бул тууралуу орус лидеринин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.
Анын айтымында, сүйлөшүү бир саатка созулуп, «өз ара сыйлашуу жана ишкердик маанайда» өттү.
Ушаков диалогду «конструктивдүү жана абдан ачык» деп атап, сүйлөшүүнүн купуя мүнөзүнө байланыштуу көпчүлүк майда-чүйдөлөрүн ачыктай албай турганын белгиледи.
Тараптар жаңжалды жөнгө салууну, ошондой эле Трамптын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнердин Москвага жана Киевге болгон сапарларын талкуулашты. Ушаковдун айтымында, президенттер бул иш-сапарлардын жыйынтыгын «плюс белгиси менен» баалап, жөнгө салуу боюнча ишти улантууну макулдашышты.
Орусия президентинин жардамчысы билдиргендей, Трамп жаңжалды тез арада токтотууну жактады.
Анын пикиринде, бул АКШ менен Орусиянын ортосундагы мамилелерди, биринчи кезекте соода-экономикалык тармакта толук калыбына келтирүү үчүн «таасирдүү жана масштабдуу перспективаларды» ачат.
Ошондой эле Трамп жөнгө салуудагы жылыштарга анын президенттик мөөнөтү учурунда жетишилишине кызыкдар экендигин билдирди.
Путин өз кезегинде бул маанайды «эки улуу державанын конструктивдүү өнөктөштүгүн куруу мүмкүнчүлүгүнүн алкагында» колдоп, АКШнын жана жеке Трамптын жаңжалды чечүү жолдорун издөөдөгү ортомчулук аракеттерин оң баалады.
Ушаковдун айтымында, сүйлөшүү учурунда согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактагы кырдаалга терең анализ жасалып, Орусия койгон максаттарга жетүү перспективалары талкууланды.
«Баса, америкалыктар согуштук аракеттерди тез арада аяктоо үчүн реалдуу түрдө эмне кыла алары белгиленди», — деди орус президентинин жардамчысы.
Ошондой эле Путин Орусиянын Европага карата мүмкүн болгон агрессивдүү ниети тууралуу билдирүүлөргө комментарий берди. Ушаковдун айтымында, орус лидери Трампты Москванын мындай пландары «оюнда да жок» экенине ишендирди.
«Орус коркунучу жөнүндө таратылып жаткан мифтер европалыктар үчүн Украинага колдоону жана өзүнүн аскердик чыгымдарын көбөйтүүгө жамынгыч (шылтоо) гана болуп саналат», — деп Ушаков Путиндин сөзүн жеткирди.
Мындан тышкары, президенттер гуманитардык маселелер боюнча, анын ичинде кармалгандар менен соттолгондорду алмашуу боюнча ишти улантууну макулдашышты. Ошондой эле Путин АКШ президентинин жубайы Мелания Трамптын орус жана украин балдарын үй-бүлөлөрүнө кайтаруу боюнча аракеттерин белгиледи.
«Жалпысынан алганда, дагы бир жолу кайталайын, сүйлөшүү позитивдүү маанайда өттү. Президенттер байланышта болууну макулдашышты жана зарылчылыкка жараша бири-бири менен ыкчам телефон аркылуу сүйлөшүп турушат», — деп жыйынтыктады Ушаков.
Эске салсак, АКШ делегациясы алгач Москвага — ишемби күнү, 5-сентябрда, ал эми эртеси Киевге барган. Америкага алар дүйшөмбүдө, 7-сентябрда кайтып барышкан. Бул Путин менен Трамптын 2026-жылдын башынан берки бешинчи телефондук сүйлөшүүсү. Буга чейин алар 4-июлда сүйлөшүшкөн. Кремлден билдиришкендей, алардын ал сүйлөшүүсү дээрлик бир жарым саатка созулган.