Эгемендиктин 35 жылы: Садыр Жапаров кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирип, жыйынтыктарды чыгарды

Таласта Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдыгына карата майрамдык концерт өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова катышты.
Мамлекет башчысы кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктап, Эгемендик күнүнө карата негизги иш-чараларды аймактарда өткөрүү салты улана берерин билдирди. Кийинки жылы салтанаттуу иш-чаралар Нарында өтөт.

Өз сөзүндө Жапаров акыркы беш жылдын жыйынтыгын чыгарды. Ал өлкөнүн көз карандысыздыгынын чыңдалышын негизги жетишкендик деп атады.
Президенттин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстан аймактык бүтүндүгү, Конституциясы, мамлекеттик институттары, улуттук валютасы, армиясы жана так калыптанган тышкы саясаты бар мамлекет болуп саналат.

Жапаров ошондой эле Талас жергесинин кулуну, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду жана анын тарыхый эстутумду, тилди жана маданиятты жоготуунун кесепеттери тууралуу эскертүүсүн эске салды.
«Чет өлкөдө жүрүп, ошол жактан тапкан бир үзүм наны үчүн өз өлкөсүндө болуп жаткан оң өзгөрүүлөрдөн да жамандык издеп, маңкурттук кылып жаткан мекендештерибиз да жок эмес. Биз аларды тарбиялап, тартипке чакырабыз», — деп билдирди президент.

Акыркы жылдардагы башкы жетишкендиктердин бири катары Жапаров экономиканын чыңдалышын атады. Ал 2025-жылы эл аралык рейтингдик агенттиктер Кыргызстандын насыялык рейтингин «B+» деңгээлине чейин көтөргөнүн, алтын-валюта резервдери өсүп жатканын, ал эми былтыр консолидацияланган бюджеттин көлөмү 1,1 триллион сомдон ашканын белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында, чакан жана орто бизнес өнүгүп, жумуш орундары түзүлүп, салыктык түшүүлөр көбөйүүдө.
«Кыргызстандын экономикасы тышкы факторлорго көз карандылыкты азайтып, ички резервдердин эсебинен туруктуу өсүшкө багыт алуу менен жылдан-жылга өз алдынча өнүгүү жолуна түшүүдө», — деди Жапаров.

Президент өлкөнүн өздүк каражатынын эсебинен «Бишкек Арена» стадиону, «Ырыс Ордо» конгресс-холлу жана «Манас Ордо» комплекси курулганын белгиледи.
Мындан тышкары, өлкөдө унаа жолдору курулуп, оңдолуп, аэропорттор модернизацияланып, учуп-конуу тилкелери жана терминалдар жаңыланууда. Жапаров ошондой эле Кыргызстандын Европа Биримдигинин авиациялык кара тизмесинен чыкканын эске салды.

Президент ири инфратүзүмдүк долбоорлорго өзүнчө токтолду. Алардын катарында Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу бар. Анын айтымында, бул долбоор республиканы эл аралык логистиканын негизги түйүндөрүнүн бирине айлантууга кудуреттүү. Темир жол инфратүзүмүн өнүктүрүүнүн алкагында Балыкчы — Кочкор тилкеси ишке берилди.

Ошондой эле чыгыш багытында түз транспорттук коридор ача турган Барскоон — Бедел унаа жолунун курулушу уланууда.
Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСнин курулушу тууралуу да айтып берди. Анын айтымында, долбоор ишке ашкандан кийин Кыргызстан электр энергиясына болгон ички муктаждыктарын камсыздап тим болбостон, толук кандуу экспорттоочуга айлана алат.

Туризмди өнүктүрүү тууралуу сөз кылып, президент «Ала-Тоо Резорт» тоо лыжа кластерин атап өттү. Анын айтымында, долбоордун биринчи баскычы аяктады, ал эми Жыргалаң тилкесин 1-декабрда ачуу пландалууда.
Финансы жана инвестиция системасын өнүктүрүү үчүн «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагы да ишке киргизилди. Суусамыр — Талас — Тараз эл аралык унаа жолун оңдоо иштери уланууда.

Президент Кыргызстанда эл аралык спорттук иш-чаралардын — суу-мотордук «Формула-1» боюнча дүйнө чемпионатынын жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшүн өзүнчө белгиледи.
«Бул Оюндар аркылуу биз дүйнөгө көчмөндөр маданиятын гана көрсөтпөстөн, достук, биримдик жана тынчтык сыяктуу жалпы адамзаттык баалуулуктарды даңазалай алдык», — деп билдирди Жапаров.

Сөзүнүн соңунда мамлекет башчысы кыргызстандыктарга ишеним артканы жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал бийлик жетишилген чек менен токтоп калуу ниетинде эмес экенин баса белгиледи.
«Алдыда дагы көптөгөн иштер жана чоң максаттар турат. Мурда кол жеткистей көрүнгөн кыялдарды мындан ары да биргеликте иш жүзүнө ашыра берерибизге терең ишенем», — деди президент.