Садыр Жапаров ЖК менен кабминдин пикир келишпестиги тууралуу: Бул табигый көрүнүшЧет элдик ырчылар катышкан концерт уюштурам деп алдап кеткен. Бишкекте шектүү кармалдыЖапаров саясатчыларга, журналисттерге жана блогерлерге өз сөздөрү үчүн жоопкерчиликти эскерттиОшто медициналык колледждин бюджеттик бөлүмүнө өткөрүү үчүн пара алуу фактысы аныкталдыЖК президенттик шайлоонун датасын январдын төртүнчү шаршембисине жылдырууну жактырдыСадыр Жапаров: Жалган маалымат тараткандардын башынан сылап отурбайбыз
Чүй: Көл-Төр көлүнө бара жаткан турист жолдон каза болду
05.12.2021 | 09:42
Түштүк Кореядан келген турист Чүй облусунун Көл-Төр көлүнө бара жаткан жолдо каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары адамдын сөөгүн жерге түшүрүштү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 4-декабрда саат 13:22 чамасында туристтер тобу Чүй облусунун Кегетин капчыгайынын тоолорунда жайгашкан Көл-Төр көлүнө жөнөп кетишкен. Каза болгон жаран 1951-жылы туулган Л.Ж. (Түштүк Кореянын жараны) белгисиз себептерден улам эсин жоготкон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 кызматына кабарлашты.
Окуя болгон жерге №21 ӨКМнин 4 куткаруучусу барышкан. Токмок шаарынын куткаруучулары жарандын жансыз денесин тоодон түшүрүп, Ички иштер министрлигине өткөрүп беришкен.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом