Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Садыр Жапаров: Жалган маалымат тараткандардын башынан сылап отурбайбыз
09.09.2026 | 12:23

Президент Садыр Жапаров жалган маалымат таратып, анын айтымында, коомдогу туруктуулукка терс таасир тийгизгендерге мыйзам чегинде катуу чара көрүү зарылдыгын билдирди.
Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып мамлекет башчысы маалыматтарды текшербей, анын кесепеттерин эске албай жайылтуу барган сайын кадимки көрүнүшкө айланып баратканын белгиледи.
«Жалган маалыматтарды таратып, тынч жаткан элдин башын айландырып, өнүгүүгө терс таасир эткендердин башынан сылап отурбайбыз», — деди президент.
Ал буга чейин да мындай аракеттерге карата чара көрүү зарылдыгы тууралуу айтканын эске салды.
«Андайларга мыйзам чегинде катуу чара көрүлөрүн буга чейин да айткам, азыр да айта кетейин», — деди Садыр Жапаров.
Теги: Садыр Жапаров