Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Ошто медициналык колледждин бюджеттик бөлүмүнө өткөрүү үчүн пара алуу фактысы аныкталды
09.09.2026 | 12:27

УКМК кызматкерлери Ош шаарындагы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу медициналык колледжде абитуриенттерди бюджеттик орундарга кабыл алуу үчүн пара алуу фактыларын аныкташты.
Ведомствонун маалыматы боюнча, кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү, «Л.Д.М.» аттуу жаран окууга тапшыруучулардан бюджеттик бөлүмгө кабыл алуу чечими үчүн акча алып жүргөн.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө органдары аталган мыйзамсыз схемага тиешеси бар окуу жайдын башка кызматкерлерин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: ГКНБ