Чүй: Сокулукта “Элден элге” социалдык дүкөнү ачылды

19.03.2022 | 15:05

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тештишев Сокулук районунун борборундагы “Элден элге” социалдык дүкөнүнүн ачылышына катышты.

Уюштуруучулардын айтымында,  жардамдар дүкөнгө чогултулат. Ал эми дүкөн мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, көп балалуу үй-бүлөлөргө, бардык жардамга муктаждарга таратып берет.

Сокулук районунда “Элден элге” аттуу социалдык дүкөн ачтык. Аны ачканыбыздын себеби азык-түлүккө муктаж жарандарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга бекер таратып берүү үчүн атайын ачтык. Бул эстафетаны өзүм баштап бердим, эми колунда бар жарандарыбыз да эстафетаны улап, ушул дүкөнгө азык-түлүк алып барса анын бардыгы адрестик негизде муктаждарга түз жеткирилип берилет. Эксперимент катары ачылган сокулуктагы бул социалдык дүкөндүн иши илгерилеп кетсе, калган 8 районго дагы ачалы деген аруу тилектерибиз бар” – деди Тентишев.

Эгерде бул дүкөнгө демөөрчүлөрдүн саны өсө турган болсо 8 районго чейин ачылат деп ишенишүүдө.

Scroll to Top