Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун Инвестициялык форуму өтөт

25.05.2026 | 15:05
Шанхай кызматташтык уюмунун жана ага мүчө өлкөлөрдүн желектери

24–25-июнь күндөрү Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Инвестициялык форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.

Агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров форумду өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрүп, ага Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев, экономика министринин орун басары Медербек Туманов, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан.

Кеңешменин жүрүшүндө форумду өткөрүүгө байланышкан уюштуруу маселелери, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу иштери каралган. Ошондой эле ШКУнун инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнүн көргөзмөсүн уюштурууну талкуулашкан. Катышуучулар белгилегендей, форум ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары кенешмеде Темир Сариевге өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана инвестициялык потенциалды чыңдоого кошкон салымы үчүн «Инвестициянын мыктысы» сыйлыгы тапшырылган.

Scroll to Top