Бишкекте орусиялык өндүрүүчүлөрдүн «Орусияда жасалган» масштабдуу бизнес-миссиясы өтөт

2026-жылдын 3–4-июнь күндөрү борбор калаадагы Novotel Bishkek City Center мейманканасында орусиялык компаниялардын көп тармактуу ишкердик миссиясы өтөт. Иш-чаранын уюштуруучусу катары «Орусияда жасалган» (Сделано в России) улуттук брендинин алдында Орусиянын экспорттук борбору (РЭЦ) чыгууда.
Бизнес-миссияга РФдан 25ке жакын алдыңкы өндүрүүчүлөр катышат. Алар продукциянын кеңири түрүн: тамак-аш азыктарын (эт, сүт жана кондитердик тармактарды), тиричилик химиясын, техниканы, ошондой эле фармацевтикалык жана косметикалык товарларды тартуулашат. Бул аянтча байланыштарды орнотуу жана Кыргызстанга, ошондой эле Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнө жеткирүү маселелерин талкуулоо үчүн түз B2B-сүйлөшүүлөрүн өткөрүү орду болмокчу.
Сүйлөшүүлөргө катышууга ассортиментти кеңейтүүгө жана ишенимдүү өнөктөштөрдү табууга кызыкдар болгон ата мекендик компаниялар жана ишкерлер чакырылат. Орусиянын экспорттук борборунун КРдагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Владимир Некрасов белгилегендей, бул — бир эле жерде ишенимдүү экспорттоочулар менен жолугушууга жана атаандаштыкка жөндөмдүү баалар боюнча пайдалуу кызматташтыкты макулдашууга уникалдуу мүмкүнчүлүк.