Чүй: Той-аштарда ысырапкерчиликке жол бербөө эскертилди

Чүй: Той-аштарда ысырапкерчиликке жол бербөө эскертилди

Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасынын жардамы менен айылдарды кыдырып, жарандар менен жолугушууда. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-июль күнү Чүй районунун аймагында жапайы өскөн кара курайларды жок кылуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Жергиликтүү тургундарга баңгизаттардын зыяндуулугу, аны сактоо, даярдоо жана сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганы эскертилди.

Ошондой эле, Чүй РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Кегети, Шамшы жайлоолоруна жана “Гавайи” эс алуу борборуна  келген коноктор жана туристтер менен жолугушууларды уюштурушуп, алардын ар кандай түшүнбөгөн суроолоруна жооп беришип, коопсуздук боюнча кеңештерди беришти.

Милиция кызматкерлери өспүрүмдөрдүн сууга түшүүсүнө тыюу салынган көлмөлөргө, дарыяларга, каналдарга, агын сууларга «Сууга түшүүгө болбойт!» деген эскертүү такталарын орнотушуп, өспүрүмдөргө коопсуздук чаралары боюнча айтып беришти.

Ал эми, Кошой, Султан, Ленин-Жол жана Талды-Булак айылдарынын жашоочулары менен жолугушууда үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепеттери жана аларды алдын алуу, ККМ аппаратын соода-сатык түйүндөрүнө колдонуу боюнча маалыматтар берилди.

Ошондой эле милиция кызматкерлери президент Садыр Жапаровдун жарлыгы боюнча маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында, үйлөнүү-үлпөт тойлорунда, даталуу маареке майрамдарын майрамдоодо ысырапкерчиликти болтурбоо боюнча маселелерди көтөрүп, элди куру намыска алдырбоого үндөштү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>