«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Садыр Жапаров Кыргызстан менен Палестина курамаларынын футбол оюнуна барды
07.06.2026 | 11:01

6-июнда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын жана Палестинанын улуттук курама командаларынын ортосунда жолдоштук беттеш өттү. Оюнга президент Садыр Жапаров барды.
Мамлекет башчысы менен бирге беттешти Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев көрүштү.
Тараптардын беттеши 0:0 эсебинде аяктады. Эки команданын ортосундагы экинчи оюн 9-июнга белгиленген.
Белгилей кетсек, оюн ФИФАнын июнь айындагы күндөрүнүн жана Азия Кубогу-2027ге карата даярдыктардын алкагында уюштурулду.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт
Теги: Садыр Жапаров, футбол