17 жаштагы Акбермет Жорокулова 1,5 айдан бери табылбай жатат

17 жаштагы Акбермет Жорокулова 1,5 айдан бери табылбай жатат

Чүй облусунда дайынсыз жоголгон 17 жаштагы Акбермет Жорокулова табыла элек. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-февралда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө дайынсыз жоголгон кыздын жакындары арыз менен кайрылган. Алар ошол эле күнү болжол менен саат 13:00до Акбермет Жорокулова Кара-Балта шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин билдирип, аны издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранышкан. Ошондон бери андан кабар жок.

Белгилери: бою 165-168 см, орто дене түзүлүштө, чачы кара, көзү күрөң.

Кийген кийимдери: ак жакалуу кара куртка, капюшону бар кара фуфайка, кара шым, ак өтүк.

Милиция Акбермет Жорокулованын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды (03133) 3-51-84, 0312 22-15-58, 0701 20-31-02 телефондору аркылуу кабар берүүсүн өтүнөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>