Майып балдарга канча жөлөк пул төлөнөт? Министрликтин жообу

Майып балдарга канча жөлөк пул төлөнөт? Министрликтин жообу

Кыргызстанда бүгүнкү күндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 8 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Маалыматка караганда, өткөн жылга чейин жөлөкпул 4000 сомду түзүп, 2022-жылдын 1-январынан тартып президент С.Жапаровдун жарлыгы менен эки эсеге көбөйтүлгөн.

Эмгек министрлиги балага майыптык боюнча жөлөкпул алуу үчүн кандай документтер керек экендигин тизмектеди.

Алгач 18 жашка чыга элек майып балага ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул алуу үчүн жашаган жери боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнө кайрылуу зарыл.

Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алуу үчүн сизде төмөнкү документтер болушу керек:

— арыз ээсинин паспорту;

— баланын/балдардын туулгандыгы жөнүндө маалымат/күбөлүк (күбөлүк);

—  жашаган/болгон жери боюнча каттоо жөнүндө маалыматтар (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштардын тургундары үчүн гана);

— медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын майыптыгын тастыктаган маалыматтары.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>