Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Ленин, Озерное, Березовка айылдарынын аталышы өзгөрдү
29.12.2023 | 12:44
Казакстандын Павлодар облусунун жергиликтүү кеңешинин депутаттары айрым айылдардын аталышын өзгөртүү боюнча сунушту колдоду. Бул тууралуу Tengrinews.kz кабарлайт.
Ага ылайык Ленин айылы – Атамекен, Озерное – Майлы деп аталат.
Андан тышкары, Бобров айыл аймагы – Жанабет, Федоров аймагы – Томарлы, Вернен айыл аймагы – Алтай, Воскресенск – Аулиегаш, Березовка айылы – Аккайын, Трофимов – Каржылкол болуп өзгөрдү.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда дагы айрым калктуу конуштардын аталышын кыргызчага алмаштыруу сунушу айтылып келет.
2022-жылдагы Элдик курултайда төрага Нурланбек Шакиев Бишкектин төрт районунун аталышын алмаштыруу керектигин айткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз