Акча деген азгырык экен, — Текебаев пара алган кызматкерлери тууралуу

Акча деген азгырык экен, — Текебаев пара алган кызматкерлери тууралуу

Коррупция менен системалуу түрдө күрөшүү үчүн кандай иштерди жасап жатасыңар? Мындай суроону Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаевге узатты.

Жыйында депутат буга чейин жатып алып пара алган Транспорт министрлигинин кызматкерлери тууралуу айтып, аларга кандай чара көрүлгөнүн жана бул тармактагы коррупция менен күрөшүү үчүн кандай иштер жасалып жатканына кызыкты.

Өз кезегинде министр коррупция менен күрөшүү жүрүп жатканын айтты.

“Акча деген азгырык экен. Бир топту жумуштан алсаң, экинчиси келет. Ошол себептүү биз учурда санариптештирүү боюнча иштерди жасап жатабыз. Бардык иштер компьютерлешкенден кийин бул тармакта коррупция жоголот”, — деди Тилек Текебаев.

Эл өкүлү Жамгырчиев жаңы келген жетекчилердин баары ушундай жооп беришерин жана аягында эч кандай жыйынтык болборун белгилеп, кол алдындагы кызматкерлерди тартипке чакыруусун өтүндү.

Буга чейин УКМК Транспорт министрлигине караштуу Салмак көзөмөлдөө департаментинин Кара-Көл шаарындагы салмак-габаритти көзөмөлдөө постунда туруктуу коррупциялык схема аныкталып, аталган министрликтин 13 кызматкери кармалганын маалымдаган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>