Кыргызстандын Кытай менен товар жүгүртүүсү 27 млрд долларга жетти — Айыл чарба министрлигиЫсык-Көлгө 3,7 миллион даана балык чабагы коё берилдиКыргызстандык мектеп окуучулары Тажикстандын парламентинде болуштуБишкекте ишкерлер менен инвесторлорду бириктирген эл аралык көргөзмө өтүүдөСагынабызбы? Депутаттар сентябрга чейин каникулга тараштыБишкектин айрым көчөлөрүндө 26-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулат
Чүйдө бычакталган аялдын башы кесилгенби? Жооп…
06.09.2021 | 15:10
Чүй облусунун Степное айылында аялдын башын бирөө кесип кетиптир деген маалымат чындыкка дал келбесин Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-сентябрда Жайыл райондук милициясы бул окуя боюнча угаар замат Степное айылындагы үйлөрдүн бирине барганда үйдүн артынан бычакталып өлтүрүлгөн аялдын сөөгүн табышкан. Ал 60 жаштагы С.Т. аттуу аял экени такталган.
Кошуналары каза тапкан аялдын үйү түтөп күйүп жатканын көрүшүп, ичине кирсе матрац түтөп жаткан болот. Бычакталган аялдын сөөгүн көрүп милицияга кабар беришкен.
Учурда окуя иликтенүүдө. Буга чейин аялдын башы кесилип калган деген маалыматтар тарап кеткен болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом