Сокулук РИИБдин тергөөчүсү 100 миң сом пара менен кармалды

Сокулук РИИБдин тергөөчүсү 100 миң сом пара менен кармалды

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүңүн тергөө кызматынын тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Сокулук РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Чүй облусунун Сокулук РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Д.К.Д. М.Д.О. аттуу жаранынан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Опузалап пара алуу») менен кылмыш иши козголду.

Учурда бул факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

covid 19

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>