Кыргызстан менен Кытай суу чарба адистерин биргелешип даярдайтЖКнын пленардык жыйынына депутаттардын жарымынан азы катышууда — сүрөтПрезидент V Элдик курултайды уюштуруу комитетинин курамын өзгөрттүКыргызстан санкция тобокелдиктери бар компанияларды жана банктык эсептерди жабуудаКыргызстанда крипторыноктун катышуучуларын текшерүү үчүн бирдиктүү платформа даярдалуудаАйпери Медет кызы Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты
Экс-депутат Руслан Чойбековдун соттук иши жылдырылды
18.04.2023 | 17:32
Бүгүн, 18-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы депутат Руслан Чойбековдун иши каралды.
Отурумга күбөлөр келбегендиктен сот иши 12-майга жылдырылды.
Чойбеков журналисттерге иши боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
Эскерте кетсек, Руслан Чойбеков 2021-жылы 16-сентябрда алдамчылыкка шектелип кармалган. УКМК билдиргендей, экс-депутат 2020-жылдагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо учурунда мандат үчүн 300 миң доллар алган. Ага каршы арызды акча бергенин айткан адам жазган.
Чойбековдун бөгөт чарасы 2021-жылдын 17-декабрында өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. Анын себеби мурдагы депутат жабырлануучуга 300 миң долларды кайтарып берген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом