Чүйдө эки чиновник кармалды (видео)

Чүйдө эки чиновник кармалды (видео)

Чүй облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы жана Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Мамлекеттик курулуш агенттигинин борбордук аппаратынын өкүлүнө Чүй облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы (Аламүдүн районунун жана Чүй облусунун башкы архитектору) У.Н. жана Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкери К.Б. Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы бухгалтери Ж.Т.ны мыйзамсыз бошотуу демилгесин көтөрүү үчүн 1500 АКШ доллары өлчөмүндө  пара берип жаткан жеринен кармалышты.

Аламүдүн районунун жана Чүй облусунун башкы архитектору У.Н. Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкери К.Б. аркылуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин А.А. аттуу жооптуу кызматкерине райондук башкармалыктын башкы бухгалтери Ж.Т.ны ээлеген кызматынан бошотуу үчүн мыйзамсыз аудиттик текшерүүнү жүргүзүп, каралоо жолу менен кызматтан алуу максатында кайрылган.

2023-жылдын 6-сентябрында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында У.Н. жана К.Б. КР Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызмат адамына пара берип жаткан жеринен кармалып, УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>