Чүйдө эки милиция кызматкери пара менен кармалды

Чүйдө эки милиция кызматкери пара менен кармалды

Москва РИИБ тергөө кызматынын кызматкерлери пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында акча талап кылуу фактысы боюнча коррупцияга бөгөт коюунун алкагында, 26-августта Москва районунун ИИБдин тергөө кызматынын кызматкерлери, милициянын капитаны Э.А.К. жана милициянын лейтенанты А.А.К. кармалды.

Аталган милиция кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен К.И.К аттуу жарандан сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын токтотуу үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары алууга аракет кылышкан.

Натыйжада К.И.К. аттуу жаран Москва РИИБ кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен УКМКга кайрылган.  2022-жылдын 17-августунда УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталган.

Бул факты боюнча 26-августта ИИМдин ички кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, кызматтык бөлмөсүнөн белгиленген сумманын бир бөлүгүн, тагырагы 70 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурунда Москва районунун ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүлөрү Э.А.К. жана А.А.К. кармалды.

Кармалгандар УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>