Москвада кыргызстандык жаран өлтүрүлүп, дагы бири жабыркады. Чоо-жайы

Москвада кыргызстандык жаран өлтүрүлүп, дагы бири жабыркады. Чоо-жайы

Москвада Кыргызстандын бир жараны өлтүрүлүп, экинчиси жаракат алды.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москва шаарынын Зеленоград районунда адам өлтүрүү жана эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын 26-августуна караган түнү Зеленоград административдик районунда жайгашкан кафелердин биринде эркектер ортосунда жаңжал чыгып, шектүү ок атуучу куралдан ок чыгарып, андан кийин качып кеткен. Алган жаракатынан улам Кыргызстандын 1989-жылы туулган Х.Х.И. аттуу жараны жеринде каза болуп, дагы бир КР жараны К.Р.М. жаракаттары менен медициналык мекемеге жаткырылган.

Россиянын Башкы тергөө башкармалыгынын Зеленоград административдик округу боюнча бөлүмү Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштардын негизинде кылмыш ишин козгоду.

Учурда кылмышка шектүү катары Россиянын 1984-жылы туулган К.П.Л. аттуу жараны кармалып, териштирүү иштери жүрүүдө.  Окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда 
Тэги: Москва

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>