Садыр Жапаров Теңгиз Бөлтүрүктү эмне үчүн кызматтан алганын айтты

Садыр Жапаров Теңгиз Бөлтүрүктү эмне үчүн кызматтан алганын айтты

Коомчулукта айтылып жаткан «Кумтөрдөн» алтын уурдалып жатат деген сөздөр боюнча президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, «Кумтөрдөн» бир килограмм алтын эмес, бир грамм алтынды эч ким уурдай албайт.

“Ар бир пунктта беш-ондон киши актыга кол коюшат. Ар бир граммын таразага тартышат. Андан сырткары баары санариптештирилип, 24 саат бою видеокөзөмөлдөр коюлган. Бул жагынан канадалыктарга баа берсек болот”,  -деди ал.

Ошондой эле, өлкө башчы белгилегендей, «Кумтөрдү» иштетүүдө алтындан башка дагы бир топ иштер бар. Күйүүчү май, тетиктерди, тамак-аш сатып алуу жагынан уурдалышы мүмкүн.

“Бул боюнча «Кумтөр» бизге өткөндөн кийин Эсептөө палатасын жибергем. Текшерүүдө бул маселелер боюнча кээ бир материалдар базар баасынан өйдө сатып алынып тургандыгы аныкталды. Ошол үчүн «Кумтөрдүн» жетекчилигин алмаштырып, мындан ары «Кумтөрдү» мамлекет көзөмөлгө аларын түшүндүрүп, ар бир тыйын үчүн жооп берерин эсине салып, жаңы жетекчи койдук. Башкы прокуратура баштаган топ текшерүүнү улантмай болду. Бир ай убакыт бердим. Жыйынтыгын жалпы элге жарыялайбыз. Элден жашыра турган биздин эч нерсебиз жок”, — деди президент.

Буга чейин маалымдалгандай, Теңгиз Бөлтүрүк мыйзам бузууларга байланыштуу «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун башчысы кызматынан бошотулган. Анын ордуна аталган компанияда 20 жылдан ашык убакыт эмгектенген Алмаз Барыктабасов дайындалган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>