Жалал-Абад облусунда кармалган адам милициядагы кыйноолорго даттандыАймен Касенов Кыргызстандын президенттигине талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди«Өзүңүздү Ташиев сезип алдыңызбы?» — Сурабалдиева вице-мэрди катуу сынга алдыИнновациялык борбор Технологияларды трансферттөө жана инновациялар борбору болуп өзгөртүлдүКазакстанда эт 1400 сомго, Өзбекстанда 1200 сомго чейин сатылууда — министрБишкекте өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балдардын адаптивдүү спорт борбору ачылды
Чүйдө изделип жаткан өспүрүм компьютердик клубдан табылды
26.05.2023 | 10:16
Чүй облусунда эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, Ысык-Ата районунун Рухий Мурас – 2 жаңы конушунун 15 жаштагы Эрбол Эркинбеков аттуу тургуну 2023-жылдын 23-мартында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.
Дайынсыз жоголгон өспүрүм Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан 24-май түнү саат 03:00лөр чамасында Бишкек шаарындагы компьютердик клубдардын биринен табылып, ата-энесине өткөрүп берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом