Сузакта мал уурдоого шектүүлөр кармалды (видео)

Сузакта мал уурдоого шектүүлөр кармалды (видео)

Жалал-Абаддын Сузак районунда жылкы уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Барпы жана Атабеков айыл аймактарынын 4 тургуну арыз менен кайрылган. Арызда айтылгандай, быйыл 5-апрелден 16-майга чейин белгисиз адамдар алардын жылкыларын жана бодо малын уурдап кеткен. Натыйжада аларга 645 миң сом зыян келтирилген.

Бул фактыларга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милциядан белгилешкендей, Сузак районунун аймагында өтүп жаткан «Эктремист» аталышындагы иш-чара учурунда жогорудагы кылмыш иштеринин бети ачылган. Шектүү катары Сузактын 41 жаштагы Ж.А., 30 жаштагы М.А., 26 жаштагы Э.Ф. жана 32 жаштагы А.Э. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

«Шектүүлөр уурдалган 2 жылкыны коңшу Өзбекстанга өткөрүп жибергендиги аныкталып, Сузак райондук милициянын Кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн сүйлөшүү иштеринин натыйжасында жылкылар кайтарылып, ээлерине өткөрүлүп берилди.

Өз кезегинде малдары табылганына кубанып турган жарандар милициянын аракетине жогору баа беришип, ыраазычылыктарын билдиришти», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>