Чүйдө колуна таяк кармаган төрт адам 30га жакын кишиге кол салып, сабаган

Чүйдө колуна таяк кармаган төрт адам 30га жакын кишиге кол салып, сабаган

Чүйдүн Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-сентябрда кечки маал колунда таяк кармаган 4 белгисиз адам мас абалында «Теплые ключи» санаторийинин эшигин бузуп кирип, ал жактагы 30 жакын адамды уруп-сабап, санаторийдин мүлкүн талкалаган. Андан кийин MP3 колонканы алып, качып кетүүгө аракет кылган.

Милициядан билдиришкендей, шектүүлөр изин жашырууга аракет кылган учурда ыкчма-тергөө тобу тарабынан кармалып, райондук милицияга жеткирилген.

Шектүү катары кармалган 30 жаштагы А.Б., 28 жаштагы А.Ч., 27 жаштагы М.М. жана К.Э аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө уланууда.

Жабыркагандар

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>