ЕРӨБ Кыргызстандын суу тармагын модернизациялоого инвестиция салууда: ал 276 млн евродон аштыКыргызстан менен Түштүк Корея Сеулда кызматташуу пландарын бекитишти«Баатыр эне» орденинин сапатына баатыр энелер даттаныштыБийлик жайыттарды калыбына келтирүүгө 50 млн сом бөлдүШКУ валюталар жана санкциялар боюнча пикир келишпестиктердин шартында Өнүктүрүү банкын түзүүнү тездетүүдөАдылбек Касымалиев Түркмөнстанга иш сапары менен барат
Кыргызстандык балбандар дүйнө чемпионатына катышат (видео)
12.09.2023 | 18:04
Кыргызстандык балбандар күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катышат. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматы боюнча, бул мелдешке өлкө атынан 16 спортчу барат.
Эркин, кыз-келиндер жана грек-рим күрөшү боюнча дүйнө биринчилиги 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтөт. Аталган мелдеште 2024-жылы Парижде боло турган Олимпиада оюндарына жолдомолор ойнотулат. Дүйнө биринчилигинде 1-5-орун алган спортчулар жолдомо ала алышат.
Эркин күрөш боюнча курама команда:
- 57 кг Алмаз Сманбеков;
- 65 кг Икромжон Хажимурадов;
- 70 кг Эрназар Акматалиев;
- 74 Арсалан Будажапов;
- 86 кг Нарбек Изабеков;
- 97 кг Каныбек Абдулхаиров.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда:
- 59 кг Калмира Билимбек кызы;
- 62 кг Айсулуу Тыныбекова;
- 68 кг Мээрим Жуманазарова;
- 76 кг Айпери Медет кызы;
- 72 кг Нурзат Нуртаева.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команда:
- 60 кг Жоламан Шаршенбеков;
- 67 кг Амантур Исмаилов;
- 77 кг Акжол Махмудов;
- 87 кг Азат Салидинов;
- 97 кг Бексултан Махмудов.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз