Чүйдө меринос породасындагы 4 кочкор уурдаган жигит кармалды

Чүйдө меринос породасындагы 4 кочкор уурдаган жигит кармалды

Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери мал уурдоого шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 29-майында Москва РИИБге 1966-жылы туулган А.Г.  аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Арыздануучу 29-май күнү кечинде короосундагы меринос породасындагы 4 баш кочкорду уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнгөн.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (“Уурдоо”) негизинде кылмыштын бирдиктүү реестрине катталган.

Чүй ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Москва РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган К.О. кармалып, Москва РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.  

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>