Кыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз НасыровКыргызстан Кытайдын улуттук ири мунай корпорациялары менен кызматташууну тереңдетүүдө
Селден жабыркаган дыйкандарга кандай жардам көрсөтүлөт?
03.06.2022 | 10:39
Өлкөдө селден жабыркаган дыйкандардын чыгымдары эсептелүүдө. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Жыйында депутат Нурбек Алимбеков Министрлер кабинетинин өкүлдөрүнө кайрылып: “Селден жабыркаган дыйкандарга кандай жардам көрсөтүлүп жатат”, – деген суроо узатты.
Өз кезегинде министр Аскарбек Жаныбеков азыркы учурда кесепеттерди эсептөө иштери жүргүзүлүп жатканын айтып, социалдык төлөмдөрдөн бошотуларын жана насыяларды төлөөдө жеңилдиктер караларын белгиледи.
Бирок Нурбек Алимбеков бул жеңилдиктер маселени чечпестигин айтып, дыйкандардын чыгымдарынын 30 же 50%ын төлөөгө көмөктөшүү керектигин айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом