Бөлтүрүктүн иши: Башкы прокурор канча зыян өндүрүлгөнүн айтты

Бөлтүрүктүн иши: Башкы прокурор канча зыян өндүрүлгөнүн айтты

«Кумтөр Голд Компани» ишканасы боюнча кармалган адамдардын иши качан аягына чыгат жана мамлекетке канча зыян келтирилген? Мындай суроону 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Жакышев Башкы прокурор Курманкул Зулушевге узатты.

Депутат Теңгиз Бөлтүрүктүн иши боюнча маалымат берүүнү өтүндү.

Башкы прокурордун айтымында, “Кумтөргө” байланыштуу  Эсептөө палатасы жана Башкы прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн.

“Жалпы төрт кылмыш иши козголгон. Мамлекетке 1 млрд 146 млн 449 миң 161 сом зыян келтирилген. Учурда келтирилген зыяндын 830 млн 820 миң сому өндүрүлдү. Камакта жаткан төрт адамдын экөө үй камагына чыгарылды. Ал эми Теңгиз Бөлтүрүктү  тергөөчүлөр кайра суракка чакырышты. Ал мамлекеттик зыянды төлөө боюнча сурактан баш тарткан. Келтирилген зыяндын 80 пайыздан ашыгы өндүрүлдү. Кылмыш иштерин тергөө аяктап калды”, — деди Зулушев.

Ошондой эле, Башкы прокурор бул иштин созулуп жатканынын бир себеби келтирилген зыянды өндүрүү ишине байланыштуу экенин айтып,  жакынкы арада иш сотко жиберилерин кошумчалады.

Буга чейин Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктү коррупциялык иштерге шектеп кармаган. Акыркы жолу Бишкек шаардык соту аны 10-майга чейин камакта калтырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>