Чүйдө терезе чыгарган завод курулуп баштады. Ага 5,3 млн $ жумшалат

Чүйдө терезе чыгарган завод курулуп баштады. Ага 5,3 млн $ жумшалат

Чүй облусунда терезе чыгаруучу заводдун курулушу башталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында “Гласслэнд компани” ЖЧКнын терезе чыгаруучу заводунун курулушун баштоого капсула салуу аземине катышты.

Өз сөзүндө Акылбек Жапаров, Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн мамлекет жагымдуу экономикалык шарттарды түзүп жатканын билдирди.

“Акыркы үч жылдын ичинде фонддор жана банктар аркылуу миңден ашуун завод, фабрика, ишканага ири суммадагы каржылоолорду жүргүздүк. Бул ишкерлерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Мен заводдун бардык кагаздары менен таанышып чыктым. Импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган өндүрүштү сөзсүз колдошубуз керек. Бул макроэкономикалык көрсөткүчтөргө, бюджеттин кирешелерине оң таасирин тийгизет”, — деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду терезе чыгаруучу жаңы заводун куруу үчүн “Гласслэнд компани” ЖЧКга 5,3 млн доллар каржылык колдоо көрсөтүп, келишимге кол коюлду. Завод толук кандуу иштеп баштагандан тартып 300 адам жумуш менен камсыз болору айтылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>