Жол эрежесин бузуудагы айып пулдун үстөк пайызын жоюу каралууда

Жол эрежесин бузуудагы айып пулдун үстөк пайызын жоюу каралууда

Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске, Укук бузуулар жөнүндө кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору иш боюнча сот актысы күчүнө кирген учурдан тартып жарандардын мамлекеттик алымды кайтарып берүү жөнүндө сотко кайрылуу укугун бекемдөө максатында иштелип чыккан.

Ошондой эле, мыйзам долбоору дүйнө жүзүндөгү, анын ичинде Кыргызстанда түзүлгөн экономикалык кырдаалды эске алуу менен, ошондой эле республиканын калкынын социалдык-экономикалык абалына жана бүтүндөй өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды эске алуу менен иштелип чыккан. Тактап айтканда,  жол эрежесин бузуудагы айып пулдардын үстөк пайызы жоюлуп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>