Чүйдө уйлар бир мезгилде 2 тоннага жакын сүт берүүдө

Чүйдө уйлар бир мезгилде 2 тоннага жакын сүт берүүдө

2022-жылдын январь-август айында республика боюнча 1181,2 миң тонна сүт өндүрүлдү, 24,1 миң тонна, же болбосо 2,1 пайызга былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу сүт өндүрүү көбүрөөк болду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөнү байкалат. Жалпысынан республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны 13,7 миң башка жана 1 уйдан саалган орточо саан 3,5 кг. көбөйүшү менен байланыштуу, былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу.

Эң жогорку саандуу уйлар Чүй облусунун чарбаларында байкалат. Ал жерде 1 уйдан саалган орточо саан отчеттук мезгилде 1982,6 кг түзгөн, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 4,2 кг көбүрөк.

Өтө төмөн саандуу уйлар Баткен облусунун чарбаларында байкалат. Ал жерде 1 уйдан саалган орточо саан отчеттук мезгилде 956,6 кг түзүп, бул көрсөткүч республиканын орточо көрсөткүчтөн 389,1 кг төмөн болууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>