Жапонияда XX Азия оюндары башталуудаКыргызстандын ишканаларынын пайдасы 2025-жылы 42,8%га өсүп, 430,5 млрд сомду түздүЧаткалда 15 жаштагы өспүрүм ур-токмоктон каза болуп, төрт окуучу кармалдыГүлшан Конушева Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору болуп дайындалдыСоттолгондор үчүн эмне өзгөрөт? ЖАМК жаңы эрежелерди сунуштоодоБишкекте Эл аралык карылар күнүнө карата музыкалык кече өтөт
Чүйдө жөө адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды
15.11.2023 | 10:19
Чүйдө жөө адамды өлтүрө сүзүп, окуя жеринен качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 14-ноябрь күнү болжол менен саат 19:20да Бишкек – Нарын – Торугарт айланма унаа жолунун 54,5-чакырымында 48 жаштагы С. Э. аттуу жаранды унаа сүзүп, айдоочу окуя жеринен качып кеткен. Жөө жүргүнчү окуя жеринде көз жумган.
Жол милиция кызматкерлери ыкчам кармоо иштерин жүргүзүп, натыйжада шектүү катары 58 жаштагы М.Т. аттуу жаран кармалган. Андан кийин ал тиешелүү чара көрүү үчүн Ысык-Ата райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген
Айдоочунун унаасы айып короосуна токтотулган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз